Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Дебитордук карыз (Accounts receivable) —Карызгер болуп саналган башка ишканалардан, фирмалардан, ошондой эле жарандар тарабынан ишканага, фирмага, компанияга, уюмга төлөнүп берилүүчү карыздын суммасы.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕБИТОРДУК КАРЫЗ – өзара чарбачылык байланыштардын жыйынтыгында жеке же юридикалык жактардын чарбачылык субъекттерине карата карыз кошундусу. Д. к. кадыресе чарбачылык иштердин натыйжасында же каржы, эсеп-кысап же төлөм тартибинин бузулуусунан улам пайда болот. Ал каражатты ишкана жүгүртүүсүнөн ажыратып, дебитор тарабынан колдонуусу менен мүнөздөлөт. Чарбачылык ишинде ченемдүү жана мөөнөтү өткөн Д. к. деп бөлүнөт.